Бишкек шаарына Түштүк Кореянын Кённам провинциясынын Билим берүү департаментинин делегациясы Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы билим берүү жана маданий алмашуу программасынын алкагында келди.
Делегациянын курамына 12 окуучу кирди. Аларды мектеп саясаты бөлүмүнүн башчысы Ким Джонг Хи, башкы адис Ким Шин Сон, адистер Пэ Хе Ри жана Ким Гиль Су, ошондой эле Кимхэ шаарындагы чет тилдер лицейинин мугалими Им Чэ Джонг коштоп жүрөт.
Бүгүн, 2026-жылдын 13-майында, борбор калаадагы №69 Т.Сатылганов атындагы мектепте делегация менен расмий жолугушуу болуп өттү. Ага Виктория Мозгачева катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө конокторго мектептеги корей тилинин өнүгүшү, кореялык билим берүү мекемелери менен эл аралык кызматташтык жана окуучулардын жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди.
Алмашуу программасынын алкагында Түштүк Кореядан келген окуучулар Бишкектеги окуучулардын үй-бүлөлөрүндө жашашат. Программанын негизги максаты — тажрыйба жана билим алмашуу, үй-бүлөлүк баалуулуктар, улуттук каада-салттар, маданият жана эки өлкөнүн жашоо образы менен таанышуу.
Кыргызстанда болгон мезгилде окуучулар кыргыз элинин маданияты менен жакындан таанышып, достук байланыштарды бекемдеп, маданияттар аралык баарлашуу тажрыйбасына ээ болушат.
Белгилей кетсек, №69 мектеп 2020-жылдан бери Бишкек шаарындагы Корей билим берүү борбору менен активдүү кызматташып келет. Учурда мектепте 272 окуучу корей тилин үйрөнөт. Сабактарды эки жергиликтүү мугалим жана эки волонтёр өткөрөт.
Окуучулар эл аралык TOPIK сынагына үзгүлтүксүз катышып, Корей билим берүү борбору уюштурган сынактардын жеңүүчүлөрү болуп келишет. Ошондой эле алар Түштүк Кореядагы билим берүү программаларына жана жайкы лагерлерге катышышат.
Мындан тышкары, 2026-жылдын апрель айында корей багытында окуган окуучулар жана мектеп жетекчилиги Сеул жана Кимхэ шаарларына барып, Кённам провинциясынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүшүп, эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташуунун келечегин талкуулашкан.










