Казакстан Республикасынын Талдыкорган шаарында «Талды-Курган – 2026» ачык сууда сүзүү чемпионаты өттү.
Аталган мелдеште «Дельфин» ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Мусаев Санжар (2010-жылы туулган) ийгиликтүү катышып, 400 метр аралыкка комплекстүү сүзүү боюнча күмүш медаль жеңип алды.
Мелдештин жыйынтыгында спортчу сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери нормативин аткарды.
Санжар Мусаевди жана анын машыктыруучуларын бул маанилүү жетишкендиги менен куттуктайбыз! Аларга мындан аркы жеңиштерди, жаңы рекорддорду жана республикалык, эл аралык мелдештерде ийгиликтүү старттарды каалайбыз!


