Коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмү Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына муниципалдык жер тилкелерин пайдаланууда коррупцияга каршы мыйзамдарынын талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертти.
Мекемедеден белгилешкендей, 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алган чечимдердин ачык айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылууга милдеттүү.
Өзгөчө кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөөгө, кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыктарын четтетүүгө, ошондой эле кайрылууларды кароо жана чечим кабыл алуу процессинин бардык этаптарын милдеттүү түрдө документтештирүүгө бурулду.
Мындан тышкары, ички көзөмөлдү күчөтүү, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо жана кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу менен негиздүүлүгүнө туруктуу талдоо жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келери эскертилди.




