Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчиктеги унааларды сатуу боюнча аукцион жарыялайт.

157 лоттон турган аукцион 2026-жылдын 15-июнунда саат 14:00дө Бишкек шаары Чүй проспектиси, 168 дарегинде башталат. Арыздар 2026-жылдын 10-июнуна чейин кабыл алынат.

Ачык аукционго катышуу укугуна ээ болуу үчүн талапкер Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына ЛОТтун номерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө арыз, өздүгүн тастыктаган документ жана кепилдик төгүмдүн төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документтерин (баштапкы сумманын 10%ы өлчөмүндөгү кепилдик) тапшырат.

Суроолоруңуз болсо, Чүй проспектиси, 168 дареги боюнча же 0312 979 195 (4220) телефон номери  аркылуу Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылыңыз.