Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык Бишкек шаарында борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин шаар тургундары менен ачык жолугушуулары уланууда.

Бүгүн, 2026-жылдын 15-майында, саат 16:00дө мэр Ленин районунун тургундары менен жолугушат. Иш-чара Ч. Айтматов проспектиси, 27 дарегинде жайгашкан К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде өтөт.

Мэрдин жолугушуулары ачык форматта уюштурулуп, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, муниципалдык кызматтардын иши, көрктөндүрүү маселелери, ошондой эле шаар тургундарынын сунуштары менен демилгелерин талкуулоо үчүн аянтча болуп саналат.

Жолугушуулар телеканалдарда, расмий социалдык маалымат баракчаларында жана Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат платформаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Иш-чарага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шаар тургундары жана кызыкдар жарандар чакырылат.

Белгилей кетсек, жолугушуулардын графиги алдын ала мэриянын расмий баракчаларында жана социалдык тармактарда жарыяланып турат. Анда шаар тургундары жолугушуулардын тартиби менен таанышып, калаа башчысына өздөрүнүн кызыктырган суроолорун жеке бере алышат.

Бишкек мэриясы тургундарды жолугушууларга катышууга, сунуштарын жана өтүнүчтөрүн айтууга жана шаардын көйгөйлөрүн чечүү жолдорун биргелешип талкуулоого чакырат.

Борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев менен жолугушуулар төмөнкү график боюнча уланат:

Ленин району
16-май, саат 16:00 — Ж. Баласагын атындагы КУУ, Фрунзе көчөсү, 547.

Октябрь району
20-май, саат 16:00 — «Таберик» залы, Байтик баатыр көчөсү, 17;
21-май, саат 16:00 — «Ала-Тоо» эл аралык университети, Анкара көчөсү, 1/8.

Бишкек шаарынын мэриясы социалдык тармактарда шаардагы маселелерди активдүү талкуулап келген тургундарды жолугушууларга катышып, калаа башчысына кызыктырган суроолорун түздөн-түз берүүгө чакырат.