2026-жылдын 15-майында Ч. Түлөбердиев атындагы сейил багында «Жаштар жумалыгынын» алкагында  бак отургузуу акциясы өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен биргеликте 20 көчөт, анын ичинде 11 катальпа жана 9 эмен бактарын отургузушту.

Иш-чара жаштардын айлана-чөйрөгө болгон сүйүүсүн арттыруу жана экологиялык маданиятын калыптандыруу максатында уюштурулду. Акциянын жүрүшүндө шаар мэри бак отургузуу менен гана чектелбестен, аларды мындан ары дагы камкордук менен карап, багып өстүрүү чоң жоопкерчилик экенин белгиледи.

Бак отургузуу акциясынан кийин жаштар менен шаар мэринин ачык диалогу уюштурулду. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты. Жолугушууда жаштар саясатын өнүктүрүү, жаштар үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле шаарды өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер жана келечектеги пландар талкууланды.

«Жаштар жумалына» 100 активдүү мектептерден  окуучуларды жана жогорку окуу жайлардын студенттерин бириктирди.

Жумалыктын программасы жаштарды өнүктүрүүгө, улуттук баалуулуктарды бекемдөөгө жана жаштарды коомдук турмушка активдүү тартууга багытталган билим берүүчү, маданий жана патриоттук иш-чараларды камтыды.

Иш-чаранын соңунда Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов бардык катышуучуларды активдүү катышканы үчүн сертификаттар менен сыйлап, эң активдүү жаштарга эстелик белектерди тапшырды.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңеши менен биргеликте уюштурулду. Мындан ары «Жаштар жумалыгын» жыл сайын өткөрүү пландалууда.