Бүгүн, 2026-жылдын 15-майында Бишкек шаарынын мэриясы менен «НКЗ» ЖЧКсы кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документке Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров жана "НКЗ" ЖЧКсынын башкы директору Кун Фанье кол койду.

Меморандум борбор калаада эл аралык ипподром куруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында тараптардын кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган өнөктөштүк мамилелерди түзүүнү карайт.

Долбоордун алкагында 20 000ге чейин көрүүчү бата турган заманбап ат майданы комплексин куруу пландаштырылууда. Объект эл аралык стандарттарга жооп берген кум жана газон трассалары, ошондой эле заманбап түнкү жарык берүү системасы менен жабдылат.

Долбоордо аукцион залы бар ат сарай комплексин куруу, соода жана эс алуу аймактарын түзүү, ошондой эле көк бөрү жана башка улуттук ат оюндары боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн атайын аренаны жабдуу каралган.

Белгилей кетсек, объектти долбоорлоо улуттук спорт түрлөрү боюнча федерациялар менен биргеликте жүргүзүлөт.

Тараптар бул долбоорду ишке ашыруу шаардын спорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, улуттук каада-салттарды жайылтууга жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого маанилүү салым кошот деген ишенимин билдиришти.