2026-жылдын 15-майында Айтматов атындагы китепканасында маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешова менен ведомстволук түзүмдөрдүн жетекчилеринин ортосунда пландык жыйын болуп өттү.

Күн тартибинде Борбордук китепкана системасынын жана Бириккен мемориалдык музейлер дирекциясынын ишмердүүлүгү боюнча отчеттор, ошондой эле аткарылган иштер жана бул багыттарды андан ары өнүктүрүү пландары талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө Назгүл Мекешова маданият кызматкерлери маданият тармагын өнүктүрүүгө, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга жана маданий мурастарды сактоого багытталган милдеттерди натыйжалуу ишке ашырышы керектигин белгиледи.