Алматы облусундагы Жамбыл Жабаев атындагы адабий-мемориалдык музейде улуу казак акыны Жамбыл Жабаевдин 180 жылдыгына жана Эл аралык музейлер күнүнө арналган II Эл аралык «Мәңгілік тұлғалар» мемориалдык музейлер фестивалы өттү.

Фестивалдын жыйынтыгында Бишкек шаарындагы Мемориалдык музейлердин бириккен дирекциясынын курамына кирген Токтогул Сатылганов атындагы адабият музейи I орунду ээлеп, 400 миң теңге өлчөмүндөгү сертификат менен сыйланды.

Фестивалдын алкагында кыргыз тарап улуу кыргыз акыны жана комузчу Токтогул Сатылгановдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган кеңири чыгармачылык программаны сунуштады. Анын негизги бөлүгүн  эл акындын өмүр жолу, чыгармачылыгы жана кыргыз маданияты менен элдик искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымын чагылдырган театралдаштырылган көрсөтүү түздү.

Көркөм аткаруу аркылуу фестивалдын катышуучуларына жана конокторуна Токтогул Сатылгановдун акылмандыгы, эркиндикти сүйгөн мүнөзү, поэзиясынын күчү жана элине болгон терең сүйүүсү тааныштырылды.

Фестивалга даярдык көрүү учурунда архивдик материалдар, адабий булактар жана акындын өмүрүнө байланышкан тарыхый маалыматтар изилденип чыккан. Ошондой эле атайын Токтогул Сатылгановго арналган көчмө көргөзмө даярдалды.

Достуктун, маданий кызматташтыктын жана кыргыз элинин салттуу музыкалык өнөрүн сактоонун белгиси катары музейге Токтогул Сатылганов колдонгон комуздун үлгүсүндө жасалган комуз жана «Токтогул Сатылганов» аттуу китеп белекке тапшырылды.

Токтогул Сатылганов атындагы музейдин театралдаштырылган көрсөтүүсү, видеопрезентациясы жана көчмө көргөзмөсү эл аралык калыстар тобу тарабынан өзгөчө чыгармачыл чечими, жогорку көркөм деңгээли жана улуу акындын образын терең ачып бергени үчүн бааланды.

Эл аралык фестивалдагы бул жеңиш Кыргызстандын музейлеринин улуттук маданий мурасты сактоо жана аны дүйнөлүк деңгээлде жайылтуу багытындагы  берилген жогорку баа болду.