2026-жылдын 15-майында Биринчи Май районундагы №1 «Баластан» ясли-бакчасында «Уңгубуз бекем болсо, бийиктигибиз айкын болот» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгынын алкагында уюштурулуп, өсүп келе жаткан муунга улуттук баалуулуктарды, каада-салттарды жана маданий мурастарды жайылтуу, ошондой эле мекенчилдикке тарбиялоо максатын көздөдү.

Иш-чарага Билим берүү башкармалыгынын начальниги Мирбек Асанов, Билим берүү департаментинин башкы адиси Чынара Майтикова жана район аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө тарбиялануучулар кыргыз элинин улуттук оюндарын чагылдырган өнөрлөрүн көрсөтүп, сүрөт көргөзмөсүн уюштурушту.

Мындан тышкары, улуттук баалуулуктарды жана каада-салттарды даңазалаган чакан театралдаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлүп, келген конокторго өзгөчө маанай тартуулады.

Мындай иш-чаралар жаш муундун аң-сезиминде улуттук иденттүүлүктү калыптандырууга, маданий мурастарды урматтоого жана аны келечек муунга өткөрүп берүүгө өбөлгө түзөт.