Бишкек шаарындагы №31 жана №70 жалпы билим берүү мектептеринде Түштүк Кореядан келген делегация менен жолугушуулар өттү. Иш-чаралар эл аралык кызматташтыкты, маданий-билим берүү алмашуусун өнүктүрүү жана эки элдин достук байланышын чыңдоо максатында уюштурулду.

Делегациянын курамында 12 окуучу жана аларды коштоп келген Кённам провинциясынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү болду. Алар: мектеп саясаты бөлүмүнүн башчысы Ким Джон Хи, башкы адис Ким Шин Сон, адистер Пэ Хе Ри жана Ким Гиль Су, ошондой эле Кимхэ чет тилдер жогорку мектебинин мугалими Им Чэ Джон.

Коноктор үчүн мазмундуу маданий-билим берүү программасы даярдалды. Делегация мектептердеги сабактарга, англис жана кытай тилдериндеги ачык сабактарга катышып, окуу-тарбия процессинин уюштурулушу менен таанышты.

Кыргызстандын улуттук маданиятын таанытууга багытталган иш-чаралар өзгөчө кызыгуу жаратты. Коноктор үчүн кыргыз тили сабагы уюштурулуп, анда катышуучулар кыргызча сөздөрдү үйрөнүштү. Ошондой эле «Кара Жорго» улуттук бийин биргеликте бийлешти. Дене тарбия сабактарында окуучулар кыргыздын улуттук оюндарын көрсөтүп, делегация өкүлдөрү аларга активдүү катышышты.

Жолугушуулардын алкагында кийизден панно жана сувенир жасоо боюнча чыгармачылык мастер-класстар өткөрүлүп, коноктор кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгү жана салттуу өнөрү менен жакындан таанышышты.

Мектептерде окуучулар жана мугалимдер тарабынан даярдалган улуттук буюмдардын, чыгармачылык эмгектердин жана кийизден жасалган кол өнөрчүлүк иштеринин көргөзмөлөрү уюштурулуп, делегация өкүлдөрүнүн чоң кызыгуусун жаратты.

Расмий бөлүктө конокторго мектеп тууралуу тасма, окуучулардын илимий-долбоордук иштери жана окуу-тарбия багытындагы негизги иштер тааныштырылды. Ошондой эле делегация Чыңгыз Айтматов жана Жоомарт Бөкөнбаевге арналган кабинеттерге барып, Кыргызстандын адабий жана маданий мурасы менен таанышты.

Программанын жыйынтыктоочу бөлүгү катары окуучулар тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланды. Концерттик программада кыргыз жана корей бийлери, эки элдин салтын жана маданиятын чагылдырган чыгармачылык номерлер көрсөтүлдү.

Иш сапардын жыйынтыгында делегация өкүлдөрү билим берүү процессинин жогорку деңгээлде уюштурулганын, окуучуларды окутуу жана тарбиялоодогу заманбап ыкмаларды, практикага багытталган окутууну, заманбап компетенцияларды өнүктүрүүнү жана кесиптик багыт берүү жакшы жолго коюлгандыгын белгилешти.