КР Президентинин тапшырмасынын алкагында, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын тургундары менен жолугушуусун улантууда.
Кезектеги жолугушуу К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Ленин районунун тургундары менен өттү. Иш-чарага 350дөн ашык тургун катышты.
Тургундар менен жолугушуу саат 16:00дө башталып, 8 сааттан ашык убакытка созулду.
Жолугушууда тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, жолдорду куруу жана оңдоо, коомдук транспорт, канализация, кызыл сызыктар, башаламан соода, сейил бактарды жакшыртуу жана социалдык объектилерди куруу маселелерин көтөрүштү.
Фучик жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол өтмөгүн курууга өзгөчө көңүл бурулду. Муниципалитеттин өкүлдөрү ишти 2026-2027-жылдары бүтүрүү пландалып жатканын билдиришти.
Тургундар Ош базарынын көчүрүлгөндөн кийинки келечеги жөнүндө да сурашты. Бул маселе боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Ленин районунун акими мурдагы базардын ордунда тургундар эс ала турган сейил бак аянты пландаштырылып жатканын билдирди.
Жолугушууда мэр шаардык кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине тургундардын суроо-талаптарын көзөмөлдөөнү, келип түшкөн суроолорду тез арада карап чыгууну жана кечиктирбестен зарыл болгон жардамды көрсөтүүнү тапшырды.
Ленин районунун тургуну Жаш Гвардия көчөсүндөгү жол түйүнүн куруу маселесин көтөрүп, анын алкагында айрым объектилер буздурууга туш болору айтылды. Шаар башчысы компенсация төлөө маселеси тездетилерин белгиледи.
Мындан тышкары, тургундар башаламан сооданы жоюу жана шаар көчөлөрүндөгү маршруттук таксилердин санын азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн мэрияга ыраазычылык билдиришти.
Тургундардын суроолоруна жооп берип жатып, Айбек Джунушалиев муниципалитет жол куруу жана реконструкциялоо темпин күчөтүүнү уланта берерин белгиледи.
Тургундар ошондой эле бала бакчанын иштөө убактысын кайра карап чыгуу, аны кечки саат 19:00гө чейин узартуу мүмкүнчүлүгүн көтөрүштү. Бул сунуш кароого кабыл алынды.
Мындан тышкары, шаар мэри жарандардын кайрылуулары ачык жана эч кандай басымсыз каралышы керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, мындай фактылар аныкталса, жооптуу адамдар кызмат ордуна чейин жеке жоопкерчиликке тартылат.
Белгилей кетсек, мэрдин тургундар менен болгон бардык жолугушууларында коомдук кабыл алуу бөлмөлөрү уюштурулган, ал жерде тургундар жазуу жүзүндөгү өтүнүчтөрүн жана билдирүүлөрүн бере алышат. Ошондой эле, прокуратуранын, ички иштер органдарынын жана башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин өкүлдөрү да катышып жатышат.
Эскерте кетсек, мэр 2026-жылдын 16-майында саат 16:00дө Ленин районунун тургундары менен дагы бир жолугушуу өткөрөт. Иш-чара Фрунзе көчөсү, 547 дарегинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өтөт.























