Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кытай мамлекеттик курулуш инженердик корпорациясынын вице-президенти жана China Construction Fifth Engineering Division Corp компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Тянь Вэйго баштаган кытайлык инвесторлор менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясы менен China Construction Fifth Engineering Division Corp. компаниясынын ортосунда достук мамилелерди орнотуу тууралуу меморандумга кол коюлду.
Тараптар өнөктөштүктү түзүү жана Бишкектин муниципалдык суу менен камсыздоо системасын модернизациялоо боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле эки саркынды сууларды тазалоочу заводду куруу үчүн кызматташуу ниетин билдиришти.
Мэр административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган жаңы аймактарда коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Атап айтканда, суу менен камсыздоо жана канализация системаларын модернизациялоо зарылдыгы баса белгиленди.
Кытай тараптын өкүлдөрү компания инвестиция, курулуш, реконструкциялоо жана инфраструктуралык объектилерди долбоорлоо жаатында ири долбоорлорду ишке ашырып жатканын билдиришти. Инвесторлор ошондой эле компаниянын долбоорлору Ташкентте ишке ашырылып жатканын белгилешти.





