Бүгүн, 2026-жылдын 16-майында, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Жаштар баңгизатка каршы" форуму өттү. Форум баңгизатка көз карандылыктын алдын алууга, ден соолукту чыңдоого жана жаштар арасында жарандык активдүүлүктү күчөтүүгө багытталган.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Азамат Токтоналиев, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Аскар Алмазбек уулу жана Бишкектин мектептеринин окуучулары катышты.

Форумда  мэр жаштардын коомдун өнүгүшүндөгү маанилүү ролун белгилеп, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы биргелешип күрөшүү зарылдыгын баса белгиледи.

"Бүгүн биз баңгизаттардын коомго кандайча сиңип жатканын көрүп жатабыз. Алар кыйратуучу күч. Биздин милдетибиз - өлкөнү түзүү, куруу жана өнүктүрүү. Жаштар - бул алдыга жылуу үчүн энергия жана түрткү берүүчү динамикалуу күч. Биз жаштарды проактивдүү позицияны ээлөөгө, билим алууга, ден соолугун чыңдоого, спорт менен машыгууга жана чыгармачылык менен алектенүүгө үндөйбүз. Өз кезегинде муниципалитет жаштардын демилгелерин колдоого жана ишенимдүү өнөктөш болууга ар дайым даяр", - деп белгиледи мэр Айбек Джунушалиев.

Форумдун жүрүшүндө катышуучуларга тематикалык видеолор жана кинологиялык кызматтын жана мобилдик тез жардам бөлүмдөрүнүн катышуусундагы "Баңгизатсыз жашоо" аттуу театрлаштырылган оюн көрсөтүлдү.

Иш-чарада  жаштарга ден соолуктун баалуулугу, коом алдындагы жоопкерчилик жана жашоо максатын тандоо жөнүндө ачык диалог жүргүзүү үчүн маанилүү аянтчага айланды.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери жогорку кесипкөйлүгү жана өз милдеттерин абийирдүү аткаргандыгы үчүн муниципалитеттин Ардак грамоталары менен сыйланышты.