Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун 2026-жылдын 17-майында саат 18:30да Ала-Тоо аянтында  фонтандардын жанында өтө турган ачык асман алдындагы музыкалык кечеге чакырат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын үйлөмө аспаптар оркестри коноктор үчүн чыгармаларын тартуулайт. Программада Gipsy Kings, ABBA, Bruno Mars, Leonid Friends топторунун белгилүү чыгармалары, ошондой эле «Кара-Жорго» жана башка популярдуу чыгармалар аткарылат.

Сахнада эстрада жылдыздары Кубаныч Алиев, Бакыт Ыбыкеев, Кайрат Примбердиев, Замир Арыкбаев жана Съездбек Искеналиев дагы сахнада өнөр көрсөтүшөт.

Белгилей кетсек, музыкалык кече Энелер күнүнө арналат.