Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын тургундары менен жолугушуусун улантууда. Ачык форматта өтүп жаткан жолугушуулар алтынчы күн катары менен райондордо өткөрүлдү.
Бүгүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Ленин районунун тургундары менен жолугушуу болуп, болжол менен жети саатка созулду. Иш-чарага райондун 300дөн ашык тургуну катышты.
Жолугушуу учурунда тургундар пандустарды куруу, конкштарды газдаштыруу, жер мунапысы, жол инфраструктурасынын абалы, ошондой эле 2050-жылга чейин Бишкек шаарынын башкы планын ишке ашыруу жана эскирген турак жайларды оңдоо сыяктуу маселелерди көтөрүштү.
Оңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мэр Башкы планда имараттарды бузууга же оңдоого негиз жок экенин тактады. Бул маселелер боюнча бардык чечимдер тургундардын пикири жана макулдугу менен гана кабыл алынат.
Жол инфраструктурасына байланыштуу мэр жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө коммуналдык тармактар, анын ичинде суу менен камсыздоо, канализация жана тротуарлар артыкчылыктуу багыт болушу керектигин белгиледи.
Мэр ошондой эле 2025-жылдын аягына чейин оңдолгон жол тилкелеринде 30 кемчилик аныкталганын билдирди. Азыркы талаптарга ылайык, подрядчылар оңдоо аяктагандан кийин үч жылдын ичинде аныкталган кемчиликтерди өз эсебинен оңдоого милдеттүү. Кемчиликтер оңдолгондон кийин, кепилдик мөөнөтү кайрадан узартылат.
Мындан тышкары, мэр муниципалитет подрядчылардын ишинин сапатын жакшыртуу үчүн талаптарды күчөткөнүн баса белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри шаардык кызматтардын жетекчилерине жарандардын кайрылууларын кунт коюп угууну тапшырды, маселеге үстүртөн (формалдуу) мамиле жасаган жетекчилер ээлеген кызматынан кол жууй турганын эскертти.
Эске салсак, Октябрь районунун тургундары менен жолугушуу 20-май күнү саат 16:00дө Байтик Баатыр көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан «Таберик» залында өтөт.






























