Бүгүн, 2026-жылдын 17-майында, Ала-Тоо аянтында Энелер күнүнө арналган ачык асман алдындагы музыкалык кече өттү.
Борбор калаанын тургундары жана коноктору Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын үйлөмө аспаптар оркестринин аткаруусундагы музыкалык чыгармалардан ырахат алышты. Концерттик программада эл аралык жана ата мекендик репертуардан белгилүү чыгармалар, анын ичинде Gipsy Kings — «Bamboleo», Ron Sebregts, ABBA GOLD, Bruno Mars — «Uptown Funk», Leonid Friends — «In the Stone», «Кара-Жорго», «Праздничная увертюра» жана башка популярдуу чыгармалар аткарылды.
Майрамдык кечеде Кубаныч Алиев, Бакыт Ыбыкеев, Кайрат Примбердиев, Замир Арыкбаев жана Съездбек Искеналиев шаар тургундарына майрамдык ыр десте сунушту.
Иш-чара жакшы маанай, жандуу музыка, сүйүктүү обондор менен коштолуп, жылуу үй-бүлөлүк атмосфера менен толукталып турду. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө кайдыгер карабаган шаар тургундары энелерге гүл тапшырып, майрамдык маанайды өзгөчө көрккө бөлөштү.
Энелер күнү жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.
Бишкек шаарынын мэриясы энелерди майрам менен куттуктап, алардын сүйүүсү, камкордугу, акылмандыгы жана жаш муунду тарбиялоого кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирет.











