2026-жылдын 11–17-май күндөрү Индонезия Республикасынын Жакарта шаарында U-17 жана U-19 жаш курактагы спортчулар арасында заманбап беш түр боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.
Аталган эл аралык мелдешке Азиянын 8 өлкөсүнөн 80ден ашуун спортчу катышууда.
Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамында өлкө намысын коргогон «Дельфин» адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиялык резерв мектебинин тарбиялануучулары жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, байгелүү орундарга ээ болушту.
Мелдештин жыйынтыгында:
Безбожнова Ксения -U-19 категориясында командалык эсеп боюнча 3-орунду ээледи;
Исабеков Мамбет - U-19 категориясында жеке эсепте 3-орунду багындырды;
Кылычбеков Эльдар - Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамында MIX эстафетасында U-19 категориясы боюнча 3-орунга ээ болду.


