Бүгүн, 2026-жылдын 18-майында, Эл аралык музейлер күнүнө карата Бишкек шаарында «Музейлер түнү» акциясы өтөт.

Алсак, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу музейлерде саат 18:00дөн 00:00гө чейин ар кандай маданий иш-чаралар: мастер-класстар, адабий кечелер, экскурсиялар, көргөзмөлөр жана чыгармачылык жолугушуулар уюштурулат.

Иш-чаралардын программасы:
И. Раззаковдун үй-музейи (Чуйков көчөсү, 90)

-«Кыргыз Руху» фольклордук ансамблинин жана «Акак» комузчулар ансамблинин артисттеринин аткаруусундагы концерт;

-Даректүү фильмдин көрсөтүлүшү;

-И. Раззаков атындагы КМТУнун студенттери тарабынан көрүнүктүү саясий ишмер Исхак Раззаков тууралуу даярдалган презентация.

О.М. Мануйлованын мемориалдык үй-музейи (К. Тыныстанов көчөсү)

-Т. Садыков атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт академиясынын 4–5-курсунун студенттери менен биргеликте чоподон буюм жасоо боюнча мастер-класстар;

-О.М. Мануйлованын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган видеофильмдин көрсөтүлүшү;

-Керамикалык сувенирлерди боёо;

-Абай Насиридин жана Чынтемир Жыргалбек уулунан карандаш менен сүрөт тартуу техникасы боюнча мастер-класс;

-Өмүрбек Каратаев менен Амантур Иманалиевден чопо менен иштөө техникасы боюнча мастер-класстар.

С.А. Чуйковдун мемориалдык үй-музейи (Чуйков көчөсү, 87а)

-С.А. Чуйковдун үй-музейи боюнча экскурсия: СССРдин эл сүрөтчүсү Семен Афанасьевичтин, РСФСРдин эмгек сиңирген сүрөтчүсү Евгения Алексеевна Малеинанын жана венгер скульптору Ласло Месароштун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу баян, ошондой эле «С.А. Чуйков» даректүү тасмасынын көрсөтүлүшү;

-«Смартфон, крафт, уголь»  көргөзмөсүнүн автору В.Ф. Руппель менен маектешүү;

-Кебезден козу - (Барашка) оюнчугун жасоо боюнча мастер-класс;

-Керамикалык буюмдарды боёо боюнча мастер-класс.

С. Чокморовдун музей-өнөрканасы (Токтогул көчөсү, 170)

-Сүрөт тартуу боюнча мастер-класс;

-ССРСтин эл артисти, сүрөтчү С. Чокморовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу музей ичиндеги экскурсия жана даректүү фильмдин көрсөтүлүшү.

-Токтогул Сатылганов атындагы Адабият музейи (Токтогул көчөсү, 109)

-Токтогул Сатылгановдун күүлөрүн аткаруу, белгилүү жазуучу жана акындардын ырларын көркөм окуу.

Ч. Түлөбердиев атындагы көргөзмө зал-галереясы (Ч. Түлөбердиев атындагы сейил багында)

-№27, №75 орто мектептеринин окуучулары жана шаар тургундары үчүн экскурсия уюштуруу.

А. Токомбаевдин мемориалдык үй-музейи (Чүйков көчөсү, 109)

-А. Токомбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгына арналган экскурсия;

-Адабий окуулар жана музыкалык программа;

-Интерактивдүү аянтча, викторина.

-Г. Айтиевдин музей-өнөрканасы (К. Тыныстанов көчөсү, 78)

-Г. Айтиевдин өмүрү жана чыгармачылыгына арналган экскурсия.

Бул иш-чаралар борбор калаанын тургундарына жана конокторуна музейлер дүйнөсү менен жакындан таанышууга, ошондой эле улуттук маданиятты жана тарыхый мурастарды тереңирээк билүүгө сонун мүмкүнчүлүк түзөт.