Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын алкагында Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиевдин шаар тургундары менен ачык жолугушуулары уланууда.

Белгилей кетсек, Октябрь районунун жашоочулары менен өтө турган жолугушуулардын даталары өзгөртүлдү:

* 25-май, саат 15:00 — «Ала-Тоо» Эл аралык университети, Анкара көчөсү, 1/8;

* 26-май, саат 15:00 — «Таберик» залы, Байтик Баатыр көчөсү, 17.

Эске салсак, буга чейин борбор калаанын Ленин, Биринчи Май жана Свердлов райондорунун тургундары менен мэрдин жолугушуулары өткөрүлгөн.

Шаар мэринин жолугушуулары ачык форматта өтүп, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, муниципалдык кызматтардын иши, көрктөндүрүү маселелери, ошондой эле шаар тургундарынын сунуш-пикирлери жана демилгелери талкууланган аянтча болуп саналат.

Жолугушуулардын түз эфирлери телеканалдар аркылуу, социалдык тармактардагы расмий баракчаларда жана Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматтык аянтчаларында көрсөтүлөт. Иш-чарага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, борбор калаанын тургундары жана бардык кызыкдар жарандар чакырылат.