«Дельфин» ОРАБӨМдүн (Олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөрдүн адистештирилген мектеби) тарбиялануучусу Гульназ Жузбаева Япониянын Йокогама шаарында өткөн паратриатлон боюнча «World Triathlon Para Series Yokohama» абройлуу эл аралык мелдешинде ийгиликтүү өнөр көрсөттү.

Мелдешке дүйнөнүн эң күчтүү параатлеттери катышты: түрдүү класстар боюнча 20дан ашык өлкөнүн спортчулары бак сынашты. Көрүүсү начар спортчулар катышкан кыз-келиндердин PTVI категориясында стартка 9 спортчу чыкса, катышуучулардын жалпы курамы 60тан ашык параспортчуну (эркектер жана кыз-келиндер арасында 8ден спорттук класс) кучагына алды.

Курч мүнөздөгү  күрөштүн жыйынтыгында Гульназ Жузбаева алдыңкы бештикке кирип, өзүнүн даярдыгынын жогорку деңгээлин жана эл аралык аренадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн далилдеди. Дүйнөлүк сериянын этаптарына өз категорияларында дүйнөдөгү эң мыкты 10 спортчунун катарына киргендер гана чакырыларын эске алганда, бул жыйынтык өзгөчө мааниге ээ.