2026-жылдын 14–16-май күндөрү Казакстан Республикасынын Семей шаарында чоңдор арасында дзюдо боюнча эл аралык турнир болуп өттү.
Спортун жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары Кыргыз Республикасынын намысын татыктуу коргоп, төмөнкү жыйынтыктарды көрсөтүштү:
•Эшимбекова Айжан — 1-орун (52 кг салмак категориясы);
•Дуйшонбекова Мырзайым — 1-орун (70 кг салмак категориясы);
•Калыева Айдеми — 2-орун (78+ кг салмак категориясы);
•Усенова Назика — 2-орун (57 кг салмак категориясы).

