«Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде жарандар менен муниципалдык кызматтардын ортосунда ыкчам байланыш түзүүгө багытталган «Кайрылуулар» кызматы ишин улантууда.
Бул кызмат аркылуу шаар тургундары шаардык инфраструктура, көрктөндүрүү жана муниципалдык кызматтардын сапаты боюнча арыздарын, сунуштарын жана билдирүүлөрүн жөнөтө алышат.
Учурда Бишкек шаарынын мэринин тургундар менен жолугушуулары өтүп жатканын эскертебиз. Мэрге жеке кайрылууга жетишпей калган жарандар өз кайрылууларын «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу электрондук түрдө жөнөтө алышат.
Келип түшкөн бардык кайрылуулар тиешелүү кызматтарга жеткирилип, чаралар көрүлөт.