2026-жылдын 18-майында Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Новосибирск облусунун Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Майис Мамедовдун жолугушуусу өттү.
Жолугушуу учурунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири маселелерин, анын ичинде шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, курулуш жана өнөр жай, транспорт жана логистиканы талкуулашты. Ошондой эле ишкерликти колдоо жана бизнес активдүүлүктү өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мэрдин биринчи орун басары Бишкек шаарынын мэриясы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана заманбап шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча тажрыйба алмашууга ачык экенин белгиледи.
Жолугушууда шаарлардын натыйжалуу өнүгүшү жана аймактар аралык байланыштарды чыңдоо үчүн аймактардын ортосундагы практикалык тажрыйба алмашуу абдан маанилүү экени баса белгиленди. Тараптар азыркы сапар кыргыз-орус аймактар аралык кызматташтыгын мындан ары чыңдоого жана Бишкек менен Новосибирск облусунун ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет деген ишенимин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар мындан ары активдүү өз ара аракеттенүүгө жана биргелешкен социалдык, инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин тастыкташты.




