Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсү, 144 дарегинде жайгашкан Жаш техниктер станциясынын курулушу уланууда.

Учурда ички жасалгалоо жана фасаддык  иштери жүрүп жатат. Имараттын жалпы аянты 2563 чарчы метрди түзөт.

Жаңы имарат төрт кабаттан жана жер төлөдөн турат. Анда, окуу кабинеттери,  музей, китепкана, конференц-зал, ошондой эле балдар үчүн чыгармачылык жана спорттук бөлмөлөр жайгашат.

Жанаша жайгашкан аймакта машыгуу аянты, картодром аянты жана практикалык машыгуу аянтчалары болот.