2026-жылдын 18-майында Бишкек шаарында Эл аралык музейлер күнүнө арналган салттуу «Музейлер түнү» эл аралык маданий акциясы өттү. Борбор калаанын тургундары жана коноктору маданиятка, тарыхка жана руханий мураска бай өзгөчө кеченин күбөсү болушту.

Бул демилге 1997-жылдан бери дүйнө жүзүндө өткөрүлүп келе жатат жана бүгүнкү күндө маданий мурастарды жайылтуу, коомчулуктун музейлерге болгон кызыгуусун арттыруу жана тарых менен заманбап жашоону айкалыштыруу боюнча маанилүү аянтчалардын бири болуп саналат.

Акция Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу музейлерде саат 18:00дөн 00:00гө чейин өттү. Ошол күнү кечинде музейлер салттуу көргөзмө жайларынан жандуу чыгармачыл мейкиндикке айланды.

Айрыкча Исхак Раззаковдун үй-музейинде өткөн маданий иш-чара өзгөчө жылуу маанайда жана жогорку деңгээлде уюштурулду. Эл аралык музейлер күнү менен куттуктоо сөзүн Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы Назгуль Мекешова сүйлөп, иш-чараны расмий түрдө ачты.

Ал өз сөзүндө музейлердин улуттук тарыхты, маданий мурастарды жана руханий баалуулуктарды сактоодогу өзгөчө ордун белгилеп, музей кызматкерлеринин эмгегин жогору баалады. Ошондой эле жаш муундарды тарбиялоодо, тарыхка болгон урмат-сыйды калыптандырууда маданиятты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Акциянын алкагында келгендер үчүн тематикалык көргөзмөлөр, интерактивдүү экскурсиялар, чыгармачылык мастер-класстар, адабий жана музыкалык кечелер уюштурулду. Бул кечте музей мейкиндиктери тарых, искусство жана заманбап жашоонун ортосундагы жандуу диалогдун жайына айланды.

Белгилей кетсек, «Музейлер түнү» акциясына 1000ден ашуун шаар тургуну катышты.