ЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын5-июнуПЖ №137

2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө

Коррупцияга каршы аракеттенүүнү күчөтүү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонуу, коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында коррупцияны минималдаштыруу боюнча туруктуу натыйжаларга жетүүгө багытталган чаралардын комплексин системалуу негизде ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын66,71-беренелерине ылайыктоктом кылам:


1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнчамамлекеттик стратегия(мындан ары - Стратегия)1-тиркемегеылайык;

2) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнчаиш-чаралар планы(2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилине I этап үчүн)2-тиркемегеылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенип Стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана башка мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки айлык мөөнөттө Стратегияга ылайык коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволук иш-чаралар пландарын бекитсин.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүү же аныктоо боюнча сунуш киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жылга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө республикалык бюджеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша Стратегияны ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын карасын.

6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына, сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 11-июнундагы № 44 (3597) саны менен жарыяланды


Кыргыз Республикасынын

Президенти


С.Н. Жапаров