Шымкент шаарында Жеңиш күнүнө арналган кадеттер арасындагы эл аралык фехтование турнири жыйынтыкталды.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген спортчулар катышты.
Турнирдин жыйынтыгында Бишкек шаарынын спортчулары төмөнкүдөй ийгиликтерге жетишти:
- Мурзатаева Мунира - жеке эсепте 2-орун;
- Мурзатаева Мунира жана Муталипова Дильдора - командалык эсепте 2-орун;
- Абдыкаимов Назар - командалык эсепте 3-орун.

