2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин Бишкек шаарында өткөрүлгөн көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык иш-чара жыйынтыкталды.

Ири экологиялык жана санитардык өнөктүктүн алкагында борбор калаада тартипти камсыздоо, экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук жайларды жашылдандыруу жана шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган комплекстүү иштер жүргүзүлдү.

Эки айлыктын жүрүшүндө иш-чараларга 280 миңден ашуун адам — шаар тургундары, муниципалдык кызматтардын кызматкерлери, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын өкүлдөрү активдүү катышты. Бул убакыт аралыгында болжол менен 2 миң тонна таштанды чыгарылып, ошондой эле короолорду, сейил парктарды, скверлерди, көчөлөрдү жана башка коомдук жайларды санитардык тазалоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калааны көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга кошкон салымы, жарандык жоопкерчилиги жана активдүү катышуусу үчүн бардык тургундарга, уюмдарга, мекемелерге жана ыктыярчыларга ыраазычылык билдирет.

Муниципалитет шаар тургундарын айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга, санитардык нормаларды сактоого, коомдук жайларды таза кармоого жана уруксат берилбеген жерлерге таштанды ыргытпоого чакырат.