Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу Мыкан маданият үйүнүн «Жаштык» ансамбли Алматы шаарында өткөн «Megapolis» эл аралык искусство сынагында Бишкек шаарын татыктуу деңгээлде көрсөттү.
Жаш бийчилер «Көчө бийлери. Хип-хоп» номинациясында «KG Flow» бий композициясы менен Гран-при сыйлыгына ээ болушту. Ошондой эле ансамбль «Эң мыкты синхрондоштуруу» аттуу атайын диплом менен сыйланды.
Белгилей кетсек, сынакка 9–10 жаштагы 21 бийчи катышкан.
Сынактын жыйынтыгында ансамбль Батуми жана Алания шаарларында өтө турган эл аралык фестивалдарга акысыз катышуу сертификаттарына, ошондой эле 40 000 теңге өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болду.

