2026-жылдын 20-майынан тартып Бишкек шаарындагы №43 коомдук транспорт каттамынын жүрүү схемасына өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул чечим шаардык транспорт тармагын оптималдаштыруу жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.

Жаңыланган жүрүү схемасына ылайык, каттам төмөнкү көчөлөр аркылуу өтөт: Мурас-Ордо көчөсү, Школьная көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Махатма Ганди көчөсү, Чүй проспектиси, Бейшеналиева көчөсү, Токтогул көчөсү жана Фучик көчөсү.