Бүгүн, 2026-жылдын 20-майында, болжол менен саат 6:00дө, Бакаев көчөсүнүн темир жолдун үстүнөн өткөн бөлүгүндө жеңил унаа катышкан жол-транспорт кырсыгы катталды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу С.К. Бакаев көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө  бара жатып, автоунааны башкара албай жолдон  чыгып кеткен жана өтмөктү сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен мамлекеттик мүлккө жана жол инфраструктурасына материалдык зыян келтирилди. Унаа айып короосуна токтотулду. Жол кырсыгы Бишкек шаардык ИИББ боюнча кайгуул күзөт кызматы башкармалыгында каттоого алынды.

Бузулган бөлүгүн калыбына келтирүү иштери белгиленген мыйзамдын  жол-жоболоруна  ылайык каралып, кийин күнөөлүү тараптан келтирилген зыяндын орду өндүрүлөт.

Белгилей кетчү нерсе, бул жол тилке буга чейин  курулуш иштери аяктагандан кийин пайдаланууга берилген жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыз кылууга багытталган.

Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана жолдо  этият болууга чакырат.