Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 5-кичирайондо жайгашкан №3 орто мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу улантылууда.
Жаңы окуу корпусу 500 окуучуга ылайыкталган. Имарат үч кабаттуу жер төлөсү менен Т-түрүндөгү формада курулууда. Долбоор окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле мектептин учурдагы имаратына түшкөн жүктү азайтууга багытталган.
Жаңы корпуста окуу класстары, спорт залы, актовый залы, ашкана, дарыгердин кабинети, директор жана завучтардын кабинеттери, мугалимдер бөлмөсү, музыка жана ырдоо кабинети, жууну бөлмөсү жана санитардык түйүндөр каралган.
Жер төлө бөлүгүндө техникалык жайлар жайгаштырылат, анын ичинде жылуулук түйүнү, насос станциясы, желдетүү тутуму, электр бөлүштүрүүчү бөлмө жана кампа жайлары бар.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында мектептин аймагын комплекстүү көрктөндүрүү каралган. Бул жерде мини-футбол аянтчасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы, 100 метрлик чуркоо тилкеси жана жашыл аянтчалар түзүлөт.
Бүгүнкү күндө объектте фасаддык жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат, желдетүү системасы орнотулууда, ошондой эле мектеп аймагын көрктөндүрүү иштери аткарылууда.



