Бишкек шаарынын Октябрь жана Свердлов райондорунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында «Кыргыз Республикасынын аймагындагы диний экстремизм жана тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар» темасында окутуу болуп өттү.

Иш-чарага Октябрь жана Свердлов райондорунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү катышты.

Окутууну Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын улук ыкчам өкүлү  Карабаев Медер Жаныбекович өткөрдү.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга тематикалык презентация көрсөтүлүп, анда диний экстремизмдин алдын алуу маселелери, радикалдык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу ыкмалары, жарандардын тыюу салынган уюмдарга тартылышынын белгилери, ошондой эле калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгү талкууланды.

Мындай иш-чаралар муниципалдык кызматтардын кызматкерлеринин укуктук сабаттуулугун жана сергектигин жогорулатууга, ошондой эле коомдук коопсуздукту чыңдоого багытталган.

Окутуулар борбор калаанын Ленин жана Биринчи Май райондорунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында да өткөрүлөт.