2026-жылдын 21-майында саат 9:00дөн 00:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы: Байтик баатыр көчөсү – Түштүк Чоң Чүй Каналы – Ала-Арча суусу – Саманчин көчөсү – Байтик баатыр көчөсүнүн батыш тарабы – Ала-Арча 3 шаарчасы.

Суу берүү 10-кичи райондогу Д= 500 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияга байланыштуу өчүрүлөт. Учурда МИК аймагындагы казылган чуңкурда агып жаткан жерди аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.