Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «XXI кылымдагы медиа» эл аралык медиамектебинин катышуучулары менен жолугушту.
2026-жылдын 20-майында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 19–21-май күндөрү борбор калаада өтүп жаткан «XXI кылымдагы медиа» эл аралык медиамектебинин катышуучулары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө калаа башчысы, мындай иш-чаралар КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы кесиптик диалогду жана гуманитардык кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү экенин белгиледи.
«Өлкөбүздүн борбору болгон Бишкек шаарына кош келиңиздер, мен чын дилимден кубанычтамын. Өзгөчө, заманбап медиа тармагынын өкүлдөрү — коомдук пикирди калыптандырган, жаңыча ой жүгүртүү менен технологиялар аркылуу өлкөлөрдү бириктирген адамдар дал ушул биздин шаарда чогулганы өзгөчө мааниге ээ», — деп белгиледи мэр.
Медиамектептин катышуучулары меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкектин экологиялык абалын жогору баалашты. Алар шаардын таза абасын жана жашылдандыруу иштерин өзгөчө белгилешти. Жолугушуунун алкагында катышуучулар шаардык инфраструктуранын өнүгүүсү, жаңы технологияларды киргизүү, социалдык демилгелер, жашылдандыруу жана унаа токтотуучу жайларды уюштуруу боюнча мэрге бир катар суроолорду беришти.
Суроолорго жооп берип жатып, мэр шаардын учурдагы жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу айтып, шаар тургундары жана коомчулук менен тынымсыз диалогдун маанилүүлүгүнө токтолду.
«Кээде дал сиздер адамдардын үнүн угууга, алардын муктаждыктарын түшүнүүгө жана ишибизде эске алууга жардам берген багыт берүүчү болуп каласыздар» , — деди калаа башчысы.
Шаар башчысы ошондой эле кайтарым байланышка ачык болуу натыйжалуу башкаруунун маанилүү бөлүгү экенин белгиледи: «Эгерде сиздерде сунуш-пикирлер болсо, биз аларды сөзсүз карап чыгабыз. Кээде биз кээ бир багыттарда артта калабыз, кээде алдыда болобуз. Иштеген адам ката кетирет. Эч нерсе кылбоо — эң чоң ката».
Жолугушуунун соңунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышуучуларга ийгилик каалады.
"Шаар сиздерди кең кучак менен тосуп алат. Жакшы убакыт өткөрүшүңүздөрдү каалайм жана Бишкек сиздерге эң жылуу, жагымдуу таасир калтырат"- деп кошумчалады калаа башчысы.










