Бишкектеги "Жаштык" аренада ата-энелер менен биринчи "Доор өзгөрткөн билим"  аттуу биринчи ачык форум өттү. Форумга Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышты.

Иш-чарага 3000ден ашык  ата-энелер, мугалимдер, билим берүү тармагынын адистери жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Форум билим берүү системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча ачык диалог аянтчасы болду.

Жыйында кесиптик окуу жайлардын иштеши, мектептерге жана бала бакчаларга кабыл алуу, мамлекеттик билим берүү стандарттары, окуу китептери менен камсыздоо, билим берүү иштери, санариптик платформаларды ишке ашыруу, мугалимдерди даярдоо жана 12 жылдык билим берүү системасына өтүү маселелери талкууланды.

2025-2026-окуу жылынын жыйынтыктары  чыгарылып, 2026-2027-окуу жылына карата негизги пландар сунушталды. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев форумдун катышуучуларына куттуктоо сөзүн айтып, борбор калаанын өнүгүшү жана өлкөнүн келечеги үчүн билим берүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Мэрдин айтымында, акыркы жылдары Бишкектеги мектеп окуучуларынын саны бир топ көбөйдү: 2-3 жыл мурун борбор калаанын мектептеринде болжол менен 180 000 окуучу окуса, бүгүнкү күндө бул сан 260 000ден ашты.

Окуучулардын санынын өсүшүнө жооп катары шаар билим берүү мекемелерин активдүү куруп жана модернизациялап жатат. Жакында эле Бишкекте 26 жаңы мектеп жана кошумча окуу имараттары курулуп, пайдаланууга берилди, ал эми 144 билим берүү мекемеси капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Учурда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси жана Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен Бишкекте бир мезгилде 20 мектеп куруу пландалууда.

Жергиликтүү жана республикалык бюджеттерге кошумча жүк келтирбөө максатында, 12 мектеп Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 мектеп жана 4 бала бакча курулууда.

Мурда мыйзамсыз берилген билим берүү объектилерин кайтаруу маселесине да өзгөчө көңүл бурулууда. Мэр белгилегендей, кайтарылган сегиз бала бакчанын имараттарынын бешөөндө оңдоо иштери аяктап, объектилер пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин бардык кайтарылган мекемелерди толук калыбына келтирүү пландалууда.

Форум ачык диалог форматында өттү: ата-энелер кызыктырган суроолорун берип, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүнөн  жооп алышты. Ошондой эле аянтчада консультант-адистер иштеп, катышуучуларга  маалыматтык колдоо көрсөтүштү.

Талкуулардын жүрүшүндө билим берүүнүн сапаты, мектептердин коопсуздугу, окуу китептеринин жеткиликтүүлүгү жана борбор калаанын билим берүү инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.