Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы Жаштык аренада өткөн "Доор өзгөрткөн билим" форумуна байланыштуу түзүлгөн кырдаал боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет.
Белгилей кетсек, «Жаштык» аренасында күн сайын ар кандай маданий, спорттук жана коомдук иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Бул жолу жабдыктарды техникалык жактан даярдоого убакыттын чектелүү болгондугуна байланыштуу, форум учурунда залда үн берүү боюнча убактылуу мүчүлүштүктөр жаралган. Мындан улам, катышуучулардын айрым суроолору жетиштүү деңгээлде так угулган эмес.
Суроолор так угулуп, жооптор берилишин камсыз кылуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева иш-чараны онлайн трансляция аркылуу түз эфирде угууга мажбур болду.
Бишкек шаарынын мэриясы бул кырдаалды саясатташтырбоону суранат. Себеби, бул жерде кеп форумдун мазмунуна жана жыйынтыгына эч кандай таасирин тийгизбейт, таза техникалык мүчүлүштүктөр жөнүндө гана болуп жатат.