Бишкек шаарында 2026-жылдын 27–31-май күндөрү салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча XX юбилейлик эл аралык «ОЙМО-2026» фестивалы өтөт. Бул иш-чара Борбор Азиядагы материалдык эмес маданий мурастарды сактоого жана өнүктүрүүгө, салттуу кол өнөрчүлүктү жана заманбап креативдүү индустрияларды колдоого багытталган ири маданий окуялардын бири болуп саналат. Быйылкы фестивалдын темасы — «Дүйнөлүк маданий мурас: салттар, кол өнөрчүлүк, мурастуулук».

«ОЙМО-2026» фестивалына Кыргызстандан, Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана дүйнөнүн башка аймактарынан 150дөн ашуун кол өнөрчү, дизайнер, сүрөтчү жана креативдүү кесиптердин өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Фестивалдын коноктору эл аралык кол өнөрчүлөр жарманкесине, fashion-көрсөтүүлөргө жана кино көрсөтүүлөргө күбө боло алышат. Ошондой эле шырдак, ала кийиз, курак, токуу, сайма, карапа жана кийиз басуу боюнча кол өнөрчүлүк мастер-класстарга катышып, улуттук тамак-аштарды даярдоо боюнча ашпозчулук сабактарында өздөрүн сынап көрүшөт. Мындан тышкары, креативдүү индустрияларды жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү темасында ачык талкуулар уюштурулат.

2026-жылдын 26-май күнү фестивалдын алдында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Материалдык эмес маданий мурастын негизинде салттуу маданиятты сактоо жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүү» аталышындагы эл аралык конференция өтөт.

«ОЙМО-2026» фестивалы 27-май күнү саат 11:00дө Курманжан датканын эстелигинин жанында башталат. Ошол эле күнү кечинде фестивалдын башкы сахнасында концерттик программа менен расмий ачылыш аземи өтөт.

Фестивалдын программасында салттуу маданият менен заманбап креативдүү индустриялардын өз ара байланышы өзгөчө орунду ээлейт. Анын алкагында белгилүү кыргызстандык дизайнерлердин катышуусунда «Салттуу маданият жана мода» аттуу public talk, Креативдүү индустриялар паркынын, башка чыгармачыл коомчулуктардын жана жаратмандардын презентациялары уюштурулат.

Фестиваль 31-май күнү эл аралык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи, мода көргөзмөсү жана XX эл аралык «ОЙМО-2026» фестивалынын расмий жабылышы менен жыйынтыкталат.

Фестиваль Бишкек шаарындагы Курманжан датканын эстелигинин жанындагы аянтта — Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде өтөт.

Фестивалдын негизги максаты — Кыргызстан менен дүйнөнүн салттуу маданиятын жана кол өнөрчүлүгүн сактоо жана жайылтуу, маданияттар аралык диалогго, кызматташтыкка жана креативдүү экономиканын туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүү.