2026-жылдын 17-19-май күндөрү Актау (Казахстан Республикасы) шаарында кадеттер арасында спорттук самбо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өттү.

Мелдешке 11 өлкөнүн спортчулары катышты.

Турнирдин жыйынтыгында Бишкек шаарынын курама командасынын спортчулары жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, байгелүү орундарга ээ болушту.
* Бошмоюнов Абдурахим (2012 ж.т., салмак категориясы 46 кг) — 2 орун;
* Байбосунов Нурлан (2010 ж.т., салмак категориясы 53 кг) — 3 орун;
* Кылычбеков Даниель (2010 ж.т., салмак категориясы 64 кг) — 3 орун;
* Тыныбеков Темирлан (2010 ж.т., салмак категориясы 88 кг) — 2 орун.