2026-жылдын 16–17-май күндөрү Москва шаарында шотокан каратэ-до боюнча Россиянын Чемпионаты жана Биринчилиги болуп өттү.
Мелдешке Россия, Кыргызстан жана Казакстан мамлекеттеринен, ошондой эле Россиянын 12 аймагынан жана 26 спорттук клубунан жалпысынан 800гө жакын спортчу катышты. Катышуучулар ката, кумитэ жана командалык беттештер боюнча күч сынашты.
Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамында Бишкек шаарынын шотокан каратэ-до федерациясынан 7 спортчу катышып, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү:
* Рабшанов Эмирлан (10 жаш) — кумитэ боюнча 35 кг чейинки салмак категориясында 1-орун;
* Зарылбекова Канышай (16–17 жаш) — ката дисциплинасы боюнча 1-орун;
* Батырбеков Максат (18–39 жаш) — кумитэ боюнча 75 кг чейинки салмак категориясында 1-орун;
* Рабшанов Эмирлан, Абдурасулов Умар жана Эсеналыев Атабек (10–11 жаш) — командалык беттештерде 1-орун;
* Утуров Мирлан (40–49 жаш) — ката дисциплинасы боюнча 2-орун;
* Эсеналыев Атабек (12–13 жаш) — кумитэ боюнча 40 кг чейинки салмак категориясында 3-орун;
* Абдыкааров Алихан (14–15 жаш) — кумитэ боюнча 55 кг чейинки салмак категориясында 3-орун.
Бул мелдешке спортчулар Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамында Бишкек шаарынын шотокан каратэ-до федерациясынын атынан катышып, өлкөнүн намысын татыктуу коргошту.


