2026-жылдын 25-майында саат 10:00дөн 17:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы: Жунусалиев көчөсү–Гагарин көчөсү – Абдраимов көчөсү–Балтагулов көчөсү – Ч. Айтматов проспекти – Сухомлинов көчөсү – Ш. Руставели көчөсү – Айни көчөсү.
Суу берүү Жаманбаев көчөсүндөгү Д= 400мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.
