2026-жылдын 21-майында Бишкек шаарындагы №59 бала бакчанын базасында борбор калаанын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын арасында «Робочычкан, Лего-мастер, Мультстудия жана Этно-STEAM – 2026» аттуу шаардык конкурс өткөрүлдү.
Иш-чара «Орбиталь 3+» балдар технопаркынын ишмердүүлүгүнүн алкагында STEAM жана Этно-STEAM технологиялары аркылуу уюштурулду.
Конкурстун максаты — мектепке чейинки курактагы балдардын инженердик ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмдөрүн, конструкциялоо, программалоо жана долбоордук ишмердүүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле заманбап билим берүү технологиялары аркылуу улуттук маданий баалуулуктарга тарбиялоо.
Конкурска Бишкек шаарынын 18 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 5 жаштан 7 жашка чейинки тарбиялануучулары төмөнкү багыттар боюнча катышты:
* «Робочычкан» — 7 катышуучу;
* «Лего-мастер» — 5 катышуучу;
* «Мультстудия» — 4 мектепке чейинки билим берүү уюму;
* «Этно-STEAM» — 15 катышуучу.
Катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыгын, чыгармачылык мамилесин, командада иштөө жөндөмүн жана заманбап STEAM технологияларын билим берүү процессинде колдоно билүүсүн көрсөтүштү.
Конкурстун жыйынтыгында жеңүүчүлөр төмөнкүчө аныкталды:
*«РОБОЧЫЧКАН» багыты*
* Гран-при — №71 «Баластан» ясли-бакчасы;
* 1-орун — №59 жана №61 ясли-бакчалары;
* 2-орун — №22 ясли-бакчасы;
* 3-орун — №18 ясли-бакчасы.
*«ЛЕГО-МАСТЕР» багыты*
* Гран-при — №61 «Баластан» ясли-бакчасы;
* 1-орун — №71 ясли-бакчасы;
* 2-орун — №162 ясли-бакчасы;
* 3-орун — №18 ясли-бакчасы.
*«МУЛЬТСТУДИЯ» багыты*
* Гран-при — №71 «Баластан» ясли-бакчасы;
* 1-орун — №61 ясли-бакчасы;
* 2-орун — №5 ясли-бакчасы;
* 3-орун — №18 ясли-бакчасы.
*«Этно-STEAM» багыты*
* Гран-при — №21 «Баластан» ясли-бакчасы;
* 1-орун — №5 ясли-бакчасы;
* 2-орун — №18 ясли-бакчасы;
* 3-орун — №61 ясли-бакчасы.
Конкурстун жеңүүчүлөрүнө түстүү принтерлер, компьютерлер жана оргтехникага сертификаттар, ошондой эле «Этно-STEAM» жабдууларынын комплекттери тапшырылды. Бардык катышуучулар баалуу белектер менен сыйланышты.
Мындай иш-чараларды өткөрүү мектепке чейинки билим берүү системасына инновациялык технологияларды киргизүүгө, балдардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө жана педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөт.


