Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жана Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери, райондук администрациялардын жана муниципалдык мекеме-ишканалардын мамлекеттик тил боюнча лингвист-эксперттери, билим берүү уюмдарынын, балдар искусство мектептеринин жана балдар спорт мектептеринин мамлекеттик тил боюнча жооптуу адистери, жалпы 200 адам катышты.

Семинарда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун терминология бөлүмүнүн башчысы Ысмайыл Кадыров жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун директору Тамара Абылкасымова кыргыз тилиндеги терминология маселелери, котормо иши, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча баяндама жасашты.

Катышуучулар суроо-жооп иретинде пикир алышып, кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча маселелер талкууланды.  

Семинардын уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмагүл Телекманова жана Айнура Сооронбаева баяндамачыларга ыраазычылык билдирип, катышуучуларга тастыктамаларды тапшырышты.

Окуу семинар муниципалдык мекеме-ишканалардын жана билим берүү уюмдарынын мамлекеттик тил адистеринин квалификациясын жогорулатуу максатында өткөрүлдү.