2026-жылдын 18–20-май күндөрү борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин буйругунун негизинде «Жылдын мыкты педагогу» аттуу шаардык сынак өткөрүлдү.
Сынак мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери арасында төмөнкү номинациялар боюнча уюштурулду:
* «Мыкты тарбиячы»;
* «Мыкты усулчу»;
* «Мамлекеттик тилдин мыкты мугалими»;
* «Мыкты музыкалык жетекчи».
Сынактын негизги максаты — педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, чыгармачыл иштеген адистерди колдоо, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу жана педагог кесибинин кадыр-баркын көтөрүү болду.
Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр төмөнкүлөр болду:
«Мыкты усулчу» номинациясы
I орун — Усон кызы Нуркыз, Ленин районундагы №21 «Баластан» бала бакчасы;
II орун — Барчынай Абдыкамытовна Джакипова, Свердлов районундагы №35 «Баластан» бала бакчасы;
III орун — Эркингүл Сакыевна Токбаева, Октябрь районундагы №182 «Баластан» бала бакчасы.
«Мыкты тарбиячы» номинациясы
I орун — Анара Кумарбековна Кумарбекова, Ленин районундагы №18 «Баластан» бала бакчасы;
II орун — Нурзада Бактыбековна Тулегенова, Свердлов районундагы №152 «Баластан» бала бакчасы;
III орун — Эркайым Нурдин кызы, Ленин районундагы №55 «Баластан» бала бакчасы.
«Мамлекеттик тилдин мыкты мугалими» номинациясы
I орун — Айзат Калыбековна Казиева, Октябрь районундагы №106 «Баластан» бала бакчасы;
II орун — Бегимай Адылбековна Кубанычбекова, Первомай районундагы №77 «Баластан» бала бакчасы.
«Мыкты музыкалык жетекчи» номинациясы
I орун — Нүрдолот Өмүркулович Өмүркулов, Ленин районундагы №118 «Баластан» бала бакчасы;
II орун — Жазира Муратбек кызы, Первомай районундагы №2 «Баластан» бала бакчасы;
III орун — Чынара Базарбек кызы, №182 «Баластан» бала бакчасы.
Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери дипломдор, эстелик белектер менен сыйланышты.
Мындай сынактардын өткөрүлүшү педагогдордун кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, заманбап билим берүү ыкмаларын киргизүүгө жана борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.