2026-жылдын 21-май күнү Бишкек шаарында Согуштун, эмгектин, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана оорук эмгекчилеринин Шаардык кеңешинин 10-отчеттук-шайлоо конференциясы болуп өттү.

Конференциянын жүрүшүндө Шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Мелис Бейшеевдин баяндамасы угулуп, анда уюмдун отчеттук мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу милдеттер аныкталды.

Ошондой эле күн тартибинин алкагында Шаардык ардагерлер кеңешинин жана Президиумдун жаңы курамын шайлоо өткөрүлдү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр шайланды:
* Шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы — Бейшеев Мелис Ногойбаевич;
* Төраганын орун басары — Курманкожоев Таласбай Бакирович;
* Жооптуу катчы — Орозбеков Болот Тентиевич.

Мындан тышкары, Ардагерлер кеңешинин жаңы курамы 33 адамдан, ал эми Президиум 12 адамдан турган курамда бекитилди.

Конференциянын ишине Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин, Социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле райондук ардагерлер кеңештеринин өкүлдөрү катышты.

Конференция ардагерлерди колдоо жана Кеңештин ишмердүүлүгүн мындан ары өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо менен конструктивдүү маанайда өттү.