2026-жылдын 23-май күнү Бишкек шаарындагы «Газпром – балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында эл аралык One Run жарым марафону болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин, Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациясынын жана Эл аралык марафондун дирекциясынын колдоосу менен өткөрүлдү.
Аба ырайынын шарттарына карабастан, жарым марафон жогорку деңгээлде уюшкандыкта жана жагымдуу маанайда өттү. Катышуучулар жогорку спорттук духту, активдүүлүктү жана алдыга коюлган максаттарга жетүүгө болгон умтулуусун көрсөтүштү.
Жарышка борбор калаанын тургундары жана коноктору, кесипкөй спортчулар жана чуркоону сүйүүчүлөр болуп, жалпы 1200дөн ашык адам катышты.
Катышуучулар үчүн 5 км, 10 км жана 21,1 км аралыктагы чуркоо уюштурулду. Ошондой эле 1 км аралыктагы балдар чуркоосу өткөрүлдү.
Жарым марафонго 12 жаштан 90 жашка чейинки бардык каалоочулар катыша алышты. Мындан тышкары, сергек жашоо образын карманган жарандар да өз күчүн сынап, спорттук маанайда убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Ар бир катышуучу марага жеткен соң эстелик медаль менен сыйланды. Ал эми өз категориялары боюнча 1, 2 жана 3-орундарды багындырган жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Мындай спорттук иш-чараларды өткөрүү сергек жашоо образын жайылтууга, массалык спортту өнүктүрүүгө жана жарандарды дене тарбияга активдүү тартууга өбөлгө түзөт.



