2026-жылдын 21-24-май күндөрү Бишкек шаарында майыптыгы бар адамдар арасында стол тенниси боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтүүдө. Мелдеш сурдо-теннис (угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында) жана пара-стол тенниси (таяныч-кыймыл аппараты жабыркаган спортчулар арасында) багыттары боюнча уюштурулган.

Мелдештин негизги максаты — адаптивдүү спортту өнүктүрүү, майыптыгы бар спортчуларды колдоо, ошондой эле стол тенниси боюнча Бишкек шаарынын курама командасын түзүү болуп саналат.

Чемпионатка Бишкек шаарынан жана өлкөнүн Нарын, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарынан жалпы 56 спортчу катышууда.

Мелдештер үч жаш курактык категория боюнча өткөрүлүүдө:
* 2012–2017-жылы туулгандар;
* 2008–2011-жылы туулгандар;
* 2007-жылы туулгандар жана андан улуулар.

Катышуучулар эркектер жана аялдар арасында, ошондой эле жуптук жана аралаш категорияларда жаш курактык чектөөсүз күч сынашууда.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов, майыптыгы бар адамдар арасындагы стол тенниси федерациясынын президенти Шейшенкул Бакиров, ошондой эле КМДТжСАнын биринчи проректору жана башкы катчысы Анаркан Касымалиева катышты.

Өз сөзүндө Канатбек Маматов бул мелдештер майыптыгы бар адамдар арасында спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө жана Бишкек шаарынын күчтүү курама командасын түзүүгө багытталганын белгиледи.

Федерациянын президенти Шейшенкул Бакиров департамент тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, анын аркасында спортчулардын саны көбөйүп, мелдештердин масштабы кеңейип жатканын айтты.

Ал эми КМДТжСАнын биринчи проректору Анаркан Касымалиева адаптивдүү дене тарбия тармагында адистерди даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул багыт инклюзивдүү спортту өнүктүрүүгө жана кесипкөй кадрларды даярдоого өбөлгө түзөрүн билдирди.

Чемпионаттын жыйынтыгында жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын курама командасынын курамына кирип, эл аралык сурдо-спорт мелдештерине катышат.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар жана дипломдор менен сыйланышат.