2026-жылдын 23-май күнү Р. Санатбаев атындагы ОРАБӨМдүн базасында Бишкек шаарынын бел боо күрөшү боюнча ачык чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Мелдеш 2026-жылдын 22-24-май күндөрү өткөрүлүүдө. Ага Кыргыз Республикасынын 7 облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан жалпы 221 спортчу катышууда.

Чемпионат өспүрүм уулдар жана кыздар арасында эки жаш курактык категория боюнча өтүүдө:
* 2006–2008-жылы туулгандар;
* 2009–2011-жылы туулгандар.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов, ошондой эле бел боо күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Ражапбек Кенжебаев катышты.

Чемпионаттын негизги максаты — бел боо күрөшүн өнүктүрүү жана жайылтуу, катышуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, ошондой эле күчтүү спортчуларды аныктоо болуп саналат.

Мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Кыргыз Республикасынын бел боо күрөшү боюнча федерациясы менен биргеликте уюштурууда.