2026-жылдын 23-май күнү Бишкек шаарындагы «Адинай» жана «Ынтымак» парктарынын аймагында Улуттук жана коммерциялык банктардын кызматкерлеринин катышуусунда спорттук чуркоо болуп өттү.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Доктринасынын алкагында өткөрүлдү.

Жарышка үч жаш курактык категория боюнча 600дөн ашык адам катышты. Катышуучулар үчүн 3 км жана 6 км аралыктагы чуркоо уюштурулду.

Жарыштын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине ардак грамоталар жана эстелик белектер тапшырылды.